Ош шаарында Даун синдромуна чалдыккан балдарга жардам көрсөтүү максатында “Кайрымдуу такси” акциясы өтүп жатат. 10-мартта башталган бул акцияны Smile.kg жана “Кол табы” коомдук уюмдары шаардагы Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борбору менен бирге уюштурууда. Иш-чарага калаадагы "ТАХI-Ош”,”Такси Сервис – Юг” ишканалары жардам берип жатат.
Акция алкагында жүргүнчүлөр акы үчүн төлөгөн сумманын бир бөлүгү уюштуруучуларга берилмекчи. Маалымат жүргүнчүлөргө унаага отурар мурда айдоочу же телефон диспетчери тарабынан айтылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Smile.kg уюмунан билдиришти. Айрым жүргүнчүлөр оорулуу балдарга кийим-кече жана оюнчук да белек кыла баштады.
21-март – Даун синдромуна чалдыккандарды колдоонун эл аралык күнү.
Оштогу акция 20-мартка чейин уланат. (SE)