Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

Муфтият эртелей турмуш курууга каршы


Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы эртелей турмуш курууга каршы кайрылуу жасады. Дин өкүлдөрү кыздарды 18 жашка толмоюнча турмушка узатуу туура эмес деп эсептешет.

Муфтияттын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, үйлөнүп жаткан жигитке же турмушка чыгып жаткан кызга нике, талак, үй-бүлө жана турмуш сыяктуу түшүнүктөрдүн тегерегинде диний аалымдар аркылуу маалымат берип, андан кийин гана баш коштуруу зарыл. Дин кызматкерлери ушундай ыкма менен ажырашууларды азайтуу мүмкүн экенин айтууда.

Кыргыз Республикасынын "Үй-бүлө кодекси" боюнча жарандарга 18 жашка толгондон кийин гана турмуш курууга уруксат берилет.

Буга чейин айрым динаятчылар кыздардын 18 жашка чыгышын күтпөй эле бойго жеткен соң турмушка узатуу туура экенин айтып келишкен. (SE)

XS
SM
MD
LG