Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Малайзия жоголгон учагы боюнча Кыргызстанга да кайрылды

Малайзия өкмөт башчысы Нажиб Разак бүгүн, 17-мартта кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен телефондон байланышып, жоголгон учакты издөөгө көмөктөшүүнү суранды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Малайзия премьер-министринин айтымында, “Боинг 777” учагы Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу өткөн болушу ыктымал.

Алмазбек Атамбаев Малайзия өкмөтүнүн суранычын орундатууга убада берди. Унаа жана байланыш министрлиги менен Коргоо министрлиги издөө иштерине көмөктөшмөкчү.

8-мартта 239 жүргүнчүсү менен Малайзиядан Кытайды карай багыт алган учак белгисиз жагдайда жоголгон. Малайзия аны табууга көмөктөшүүнү өтүнүп, 25 өлкөдөн жардам сурады. (SE)
XS
SM
MD
LG