Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев билдирди. Анын айтымында, 17-мартка караган түндө Тажикстандын чек арачылары Ак-Сай айылынын тургундары иштетип жаткан жер үлүшүнө чек арачылардын атайын вагонун орнотуп алышкан. Мындай маалыматты "Азаттыкка" Баткен облустук акимчилигинен да тастыкташты.
Бул маселе боюнча 17-март күнү эки өлкөнүн күч жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анда шарттуу чек арадан Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен тажик чек арачыларынын аракети мыйзамсыз экени ачыкталган. Ак-Сай айылынын аймагына 70 метрдей кирип орнотулган тажик чек арачыларын атайын вагону эртен кайра алынаары да маалымдалды.
Бул окуя өкмөттүк деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин болуп отурат. Кечээ Баткенде вице-премьер-министр Токон Мамытов жана тажик президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Шерали Хайруллаев баштаган топтор чек арадагы курчуп кеткен кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн эле. (JsA))