Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:36

НАТО Орусияга эскертүү жасады


НАТО Орусияга Крымды өзүнө кошуп алуудан оолак болушун эскерткен билдирүү жасады. Түндүк атлантикалык альянсы кечээ Крымда өткөн референдумду “мыйзамсыз жана легитимсиз” деп атады. Бүгүн НАТОнун билдирүүсүнүн алдынан Крымдагы орусиячыл бийликтер автономиялык республиканы “көз карандысыз” деп жарыялап, Орусияга кошулуу арызын Москвага жиберишкен.

“Айтылуу референдум Украинадагы кризисти саясий жол менен чечүүгө көрүлүп жаткан бүт аракеттерди жокко чыгарат” делет НАТОнун билдирүүсүндө. Альянс Орусияны Украинага каршы аскерий аракеттерин токтотууга үндөдү.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG