Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:30

Акматбек Келдибековдун тарапкерлерине айып пул салынды


17-мартта Акматбек Келдибековдун кыркка чукул тарапкери Жогорку Соттун алдына келип, Келдибековдун ден-соолугуна байланыштуу үй камагына чыгаруу кайрылуусун тапшырууга аракет жасаган. Келдибековдун карындашы Чынара Келдибекованын айтымында, мына ошол учурда атайын чагым менен жаңжал уюштурулуп, Жогорку Соттун алдындагы адамдарды милиция толугу менен кармап кеткен. Алардын иши ошол эле күнү кечинде Биринчи Май райондук сотунда каралып, көпчүлүгүнө 200-300 сомдон айып пул салынды. Чынара Келдибекованын билдирүүсүнө караганда, алар Жогорку Соттун алдына тынч пикетке чыгары тууралуу Бишкек мэриясына атайын маалымдама да тапшырышкан. (AiT)

XS
SM
MD
LG