Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

УКМК Келдибековдун тарапкерине эскертүү берди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкери Керим Сарбашевге эскертүү берди. Бул тууралуу бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Сарбашевдин 13-мартта маалымат жыйынында "10 күндө бийлик Келдибековду үй камагына чыгарбаса, 10 миң киши чогултуп, Баш прокурордун жана башкалардын колуна жоогазын гүлүн карматабыз, бийлик жаз келип калганын эстен чыгарбасын" деп айтканын УКМК эскертүүгө негиз болуучу факт деп эсептейт. Мындай билдирүү, атайын кызматтын айтымында, өлкөдөгү коомдук-саясый абалды бузууга үндөө катары бааланышы мүмкүн. Бул үчүн жаран кылмыш жообуна тартылышы ыктымал.

Парламенттеги оппозиционер депутат Акматбек Келдибеков коррупцияга шектелип, өткөн күздөн бери УКМКнын тергөө абагында жатат. Ал өзүн күнөөсүз экенин айтууда. 2005-жылдын март ыңкылабынын символу катары жоогазын гүлү айтылып келет.

"Келдибековду коргоо комитетинин" жетекчилеринин бири Керим Сарбашевдин өзү менен "Азаттык" бүгүн байланышканда ал УКМКнын эскертүүсүн негизсиз деп эсептээрин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG