Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Ошто “Айыл китепканасына китеп тартуула” акциясы өтөт


Ош шаарында бүгүн “Айыл китепканасына китеп тартуула” аттуу акция башталат. Аны Борбор Азиядагы Америка университети Ош облустук китепканасы менен бирге өткөрүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чаранын максаты болуп элет жериндеги китепканаларды жаңы адабият жана аудио-видео менен толуктоо эсептелет. Каалоочулар белек кылган китептер жана башка керектүү каражаттар айыл жериндеги китепканаларга бөлүштүрүлөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, учурда Кыргызстанда 1061 китепкана бар. Анын ичинен 926сы айылдарда жайгашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG