Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Акыйкатчы: Кылмыш кодексин өзгөртүү медиага басымды күчөтөт


Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун сунуштап жаткан "билип туруп жалган маалымат" тараткандарды жазалоо демилгеси Конституцияга каршы келет деп эсептейт. Акыйкатчынын атынан таратылган билдирүүдө белгиленгенге караганда бул долбоор колдоо тапса басма сөз эркиндигине басымды күчөтөт. Бул мыйзам демократиялык Кыргызстандын барк-баасын түшүрүп, авторитаризм менен диктатурага кадам катары бааланып калат деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу иштеп чыккан Кылмыш Кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү бул мыйзам долбоору март айынын башында биринчи окууда 72 добуш менен кабыл алынган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG