Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Улуттук идея тууралуу китептер чыкты


Улуттук илимдер академиясынын Гуманитардык жана экономика илимдер борбору улуттук идея багытында чыккан үч китептин бет ачарын өткөрдү. Ал китептер “Улуттук идея: кыргыз тили жана адабияты”, “Улуттук идея кыргыз тарыхында”, “Улуттук идея кыргыз философиясында” деп аталат.

Бул эмгектерде кыргыз тарыхындагы, тили, адабияты жана философиясындагы улуттук идеянын башаттары тууралуу кенен сөз болот. Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун ой-пикирлери, “Манас” эпосундагы, көркөм дөөлөттөрдөгү, оозеки чыгармачылыктагы улуттук идеяны туюнткан баалуулуктар тууралуу да жазылган. Тарых барактарынан мисал келтирилип, улуттук идеология, этнологияга мүнөздөмө берилип, талданган. (ATe)

XS
SM
MD
LG