Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Аба ырайы: Кар көчкү жана сел болушу күтүлүүдө


Жаан-чачынга байланыштуу 19-мартка чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ойдуң жерлерде сел жүрүшү ыктымал.

20-мартка чейин тоолуу унаа жолдоруна кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдорго муз тоңот.

19-мартка карата аба ырайы

Шаршембиде өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу унаа жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19,

Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 12...17,

Баткен облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2...7, күндүз 14...19,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -9...-14, күндүз 1...6 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 3…5, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG