Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Ош: Бош калган имаратка мектеп ачуу сунушталууда


Ошто мурда Улуттук илимдер академиясына карап, кийин бош калган имаратка мектеп ачуу сунушталууда. Тиешелүү кат менен жергиликтүү тургундар мэрияга кайрылганын "Азаттыкка" бүгүн Дача айылынын башчысы Ысакбек Ормонов билдирди.

Ормоновдун айтымында, айылдагы 500дөн ашык окуучу шаардын ар кайсы мектептеринде маршруттук автобус менен каттап окуганга аргасыз. Союз убагында илимий изилдөөлөр үчүн курулган имарат кийин кароосуз калган. Азыр анын эскилиги жетип, авариялык абалда.

Буга чейин Дача деп аталып калган айыл Кара-Суу районуна же Ош шаарына караштуу экени аныкталбай, бир да социалдык маселеси чечилген эмес. Былтыр ал соттун чечими менен Ош шаарынын карамагына өткөн болчу. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG