Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Кыргызстандык немистер жыйынга чогулат


Кыргызстандын "Немистер улуттук кеңеши" ушул аптада өзүнүн 10-съездин өткөргөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн аталган уюмдан кабарлашты. Жыйынга өлкөдө жашаган немистердин, Кыргызстандагы Германия элчилигинин, Кыргызстан элинин ассамблеясынын өкүлдөрү катышат. Съезд 4 жылда бир өткөрүлүп келатат. Анда кыргызстандык немистердин абалы, көйгөйлөрү, тарыхый мекени менен байланышы, улуттук баалуулуктарын сактоо маселелери талкууланат.

Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 8,5 миң немис жашайт. Алардын көбү Чүй жана Бишкекте отурукташкан. Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көлдө да немис улутундагылар бар.

Германия өкмөтү Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстандагы немистерге жардам берип, түрдүү социалдык долбоорлорду ишке ашырып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG