Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:44

Приднестровье Орусия курамына кошулууну суранды


Бул тууралуу Орусиянын “Ведомости” гезити жазып чыкты.

Басылманын маалыматына караганда, Приднестровьенин парламент төрагасы Михаил Бурла Орусия Думасынын төрагасы Сергей Нарышкинге аймактын Орусия курамына кошулуусун тездетүүнү карап көрүүнү суранган.

Молдованын бул жикчил аймагында Крымдыкына окшош референдум 2006-жылы өтүп, анда аймак калкынын 97% Орусия курамына кошулууну жактаган эле.

Украина менен Молдова ортосундагы Приднестровье 1990-жылы эле өзүн көз карандысыз өлкө катары жарыялаган, бирок эч бир мамлекет тарабынан таанылган эмес.

Молдова менен Приднестровьенин 1992-жылкы кыска согушу Орусиянын аймакка аскер киргизүүсү менен аяктаган. (UE)

XS
SM
MD
LG