Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Текебаев коалициядын чыгуу боюнча расмий билдирүү таратты


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын парламенттеги коалициядан чыгышына өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ишиндеги кемчиликтер түрткү бергенин айтты. Анын айтымында, Сатыбалдиевдин чарбалык иштерде ийгиликтүү жумуштары болгону менен Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны башкарып турган кездеги кетирген кемчиликтери ушундай кадамга барууга негиз болду. Андан сырткары, Кумтөр маселесине жана Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кетишине байланыштуу да азыркы өкмөттүн иштөөгө саясий да, моралдык акысы жок деген жүйөөнү келтирди.

Фракциянын коалициядан чыгуу боюнча чечими президентке 19-мартта берилет.
Текебаев белгилегендей, алардын чечимине байланыштуу коалициялык көпчүлүк тарагандыктан өкмөт башчы жумуштан кетиши керек. Андан соң президент парламенттеги кай бир фракцияга жаңы коалиция түзүү боюнча укук берет. Эмки коалицияга “Ата Мекен” киреби-жокпу, азырынча белгисиз. Партия лидери алар оппозицияда калышы мүмкүндүгүн да кошумчалады.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “атамекенчилердин” коалициядан чыгышы тууралуу буга чейин сөздөр жүргөнүн, ошентсе да бүгүнкү чечим алар үчүн кандайдыр бир деңгээлде күтүүсүз болгонун “Азаттыкка” билдирди. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG