Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Карзай вице-президенттикке Юнис Канунини сунуштады


Ооган президенти Хамид Карзай Мухаммед Юнус Канунини өлкөнүн вице-президенттигине сунуштады. Бул кызматты буга чейин ээлеп келген Мухаммед Касым Фахим 9-мартта каза болгон. Чечим Ооганстандын жогорку кызматтагы жетекчилеринин жана маркум Фахимдин туугандарынын катышуусунда өткөн жыйында кабыл алынды. Жакын арада бул сунуш парламентте талкууланат. Кануни Жамаат-э-Ислам партиясынын лидерлеринин бири. Ал 1996-2001-жылдары Түндүк альянстын талибдерге каршы күрөшүндө Фахимдин жакын союздашы болгон. (RK)

 

XS
SM
MD
LG