Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Крым Орусияга кошулуусун караган келишимге кол коюлду


Келишимге Москвада президент Путин жана Крымдын лидерлери кол коюшту. Ага ылайык, Орусия федерациясынын курамына жаңы эки субьекти: Крым Республикасы жана Севастополь шаары кошулат.

Орус президенти бүгүн парламентте кезексиз кайрылуу жасап жатып, Крымды Орусиянын курамына кошуу чечимин төмөнкүчө негиздеди:

- Федералдык кеңешке Крымда өткөн референдумдун жыйынтыгына, элдин эркине таянып, конституциялык мыйзамды сунуш кылуу менен Орусия федерациясынын курамына эки жаңы субьектини, Крым Республикасын жана Севастополь шаарын кабыл алууну суранам.

Орус президентинин айтымында, Крым Орусиянын “ажырагыс” бөлүгү болгон жана болду. Путин ошондой эле Крымдагы референдумду “демократиялык” деп атап, ал толугу менен эл аралык мыйзамдарга ылайык өткөнүн белгиледи.

Орус парламентиндеги бүгүнкү кайрылуусуна чейин Путин кечээ Крымды көз карандысыз өлкө катары таануу жөнүндөгү жардыкка кол койгон. Анын алдында Украинанын бул автоном республикасынын парламенти Украинадан көз карандысыздык жарыялап, Орусияга кошулуу үчүн расмий арыз берген.

Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Крым референдумун мыйзамсыз деп атап, анын жыйынтыгы таанылбай турганын айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG