Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Карзай жаңы вице-президент дайындады


9-мартта капысынан каза тапкан вице-президент Мухаммед Касым Фахимдин ордуна ооган президенти Хамид Карзай Мухаммед Юнис Канунини дайындады. Хамид Карзайдын маалымат катчысы Адела Рааздын билдирүүсүнө караганда, Кануни боюнча чечим жакын арада парламентте бекитилет. Кануни Фахимдин Түндүк альянстагы жакын санаалаштырынын бири болгон жана алар 1996-жылдан 2001-жылга чейин талиптерге каршы бирге күрөшкөн. Кануни ошондой эле бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарды аркалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG