Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

АКШнын вице-президенти Жо Байден Литвага келди


Ал бүгүн Литва президенти Даля Грибаускайте жана Латвия президенти Андрес Берзиньш менен өз-өзүнчө жолугушат. Байдендин регионго эки күндүк сапарынын максаты - Украинадагы кризиске байланыштуу НАТО мүчөлөрүнө Вашингтондун колдоосун көрсөтүү. АКШнын вице-президенти Литвага Польшадан келди. Варшавада Польша жетекчилиги менен жолугушууларда Байден Крымды аннексиялоону айыптап, эл аралык коомчулук аны кабыл албайт деп билдирди. Польшада Байден ошондой эле Эстониянын президенти Тоомас Хендрик Илвес менен да жолугушту. (AiT)

XS
SM
MD
LG