Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

АКШ жана Европа Биримдиги Крымды аннексиялоону айыптады


Вашингтон жана Брюссел Крымдын Орусияга бириктирилишин мыйзамсыз деп атап, аны тааныбай тургандыгын билдиришти. Крымда кырдаал чыңалып, атышууда эки киши өлгөнү кабарланды. Симферопол шаарынын чет жакасында Украинага таандык аскердик бөлүккө “өзүн-өзү коргоочу” орусчул күчтөрдүн чабуулу учурунда бир украин аскери жана чабуул жасагандардан бир киши набыт болгон. Бул Виктор Янукович Украинадан чыгып кеткенден кийин Крымдагы биринчи курмандыктар болуп калды.

Украин өкмөт башчысы Арсений Яценюк жаңжал аскердик фазага өтүп баратканын белгилеп, кырдаалдын курчушуна жоопкерчилик орус президентине жүктөлөт деп билдирди:

- Аскердик конфликттин өрчүп кетиши үчүн бардык жоопкерчилик орус президенти Владимир Путиндин бүгүнкү сөзүнөн кийин анын жеке керт башына жүктөлөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG