Райондун Майдан айылынын жашоочулары бүгүн Шамбесай кенин иштетүүгө каршы кезектеги нааразылык акциясына чыкты. Алардын колунда “Алтындан балдарыбыздын өмүрү кымбат”, “Алтын элге эмес, чоңдорго керек” деген жазуулар бар.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Мырза Курмушуев “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн Шамбесай кенинин тегерегиндеги талаш боюнча бийлик өкүлдөрү айылга келери айтылган. Учурда айылда чогулгандар менен район акими Акрам Мадумаров жолугууда.
Шамбесай кенин иштетүүгө лицензия алган австралиялык “Z-Эксплорер” компаниясына каршы акциялар Кадамжайда өткөн жылдан бери уланып келатат.
“Z-Эксплорер” Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикке кайрылып, кендеги ишти токтото туруу өтүнүчүн келтирген болчу. (JsA)