Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Прокуратура: Сарууда мыйзамсыз тендер өткөрүлгөн


Прокуратура органдары Жети-Өгүздүн Саруу айылында балык чарбасын уюштуруу боюнча былтыр жайында өткөрүлгөн тендер мыйзам бузуу менен коштолгонун билдирүүдө. Башкы прокуратурадан бүгүн кабарлашкандай, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу дирекциясынын жана тендердик комиссиянын жетекчилерине карата кылмыш иш козголду. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, балык чарбасын ачууга акча ала турган ишкерди тандоодо жасалма документ колдонгон деп айыпталууда.

Көлдүн Жети-Өгүз районунда жайгашкан Кумтөр алтын кенин иштеткени үчүн "Кумтөр" компаниясы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна өз кирешесинин 1 процентин төгүп турат. Бул акча тендердик комиссиянын чечиминен кийин облустагы түрдүү социалдык-экономикалык долбоорлорду каржылоого жумшалат. (RK)

XS
SM
MD
LG