Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Крымда "Азаттыктын" кабарчысына кол салуу болду


Крымда "Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Левко Стекке белгисиз бирөөлөр кол салды. Анын айтымында, 16-мартта Бахчисарай шаарында автобуста кетип бараткан жеринен кармап, колун тушап, башына баштык кийгизип, машинанын арткы отургучуна ыргытышкан. Бир топ мезгил айдап жүрүп, шаардын четиндеги талаага калтырып кетишкен. Кол салган кишилер андан экинчи Крымга келбөөнү талап кылган. Журналист мындай "жылуу" кабыл алууну күтпөгөнүн социалдык тармактарга жазып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG