Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Коалиция куроо укугу эч кимге бериле элек


Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү укугун парламенттеги беш фракциянын бирине эртең 20-мартта бериши мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов билдирди.

Парламенттик көпчүлүктүн жаңы курамын түзүү боюнча расмий кеңешүүлөр президент коалиция куроо укугун кайсы бир фракцияга берген соң башталат.

18-март күнү “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары башкаруучу коалициядан чыгуу чечимин кабыл алган. Коалиция тарагандыгына байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Жантөрө Сатыбалдыев башкарган өкмөттү отставкага кетирди. Бирок азыркы өкмөт курамы жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин иштеп турат. (ZB\SE)

XS
SM
MD
LG