Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

Нарымбаев: Коалиция куроону КСДПга берүү сунушталууда


Парламенттеги бардык фракция лидерлери жаңы коалицияны куроо укугун КСДПга бериш керек деген сунушту айтууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев билдирди:

- Мен бардык фракциялардын лидерлери менен сүйлөштүм. “Ата-Журт”, “Ата-Мекен”, “Республика” жана “Ар-Намыс” башчыларынын баары президент коалиция түзүү укугун КСДП фракциясына бергени оң деп айтышты. Алар укукту ушул фракцияга берүү логикага да туура, азыркы кырдаалга да жооп берерин белгилешти,- деди Нарымбаев.

Аппарат башчынын айтымында, президент бүгүн же эртең коалиция куроо мандатын фракциялардын бирине тапшырат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, коалиция тараган соң, үч иш күн аралыгында мамлекет башчы жаңы коалиция куроо укугун парламенттеги фракциялардын бирине тапшырышы керек.

КСДП, «Ар-Намыс» жана «Ата Мекен» фракцияларынан турган коалиция 2012-жылдын 3-сентябрында түзүлгөн болчу. 18-мартта “атамекенчилер” анын курамынан чыгып, коалиция тараган. (SE\ZB)

XS
SM
MD
LG