Европанын баскетбол боюнча чемпионатын өткөрүүдөн баш тартышын Украинанын уюштуруу комитетинин төрагасы Маркиян Любкивски “учурдагы оор саясий жана экономикалык абал” менен байланыштырды. Анын айтымында, чемпионатка даярдык көрүү иштерине өлкө жетишпейт. Украинадагы “татаал финансылык абал” андай мелдешти өткөрүүгө жол бербейт деген Любкивски, азыр өкмөт башка маанилүү иштер менен алек экенин кошумчалады.
Украина “Евробаскет 2015” өткөрүүдөн баш тартты