Акцияны уюштуруучулардын бири, Орусиянын Нижневартовск шаарында Мунай техникумунда 4-курста окуган кыргызстандык студент Алтынбек Абдылдаев «Азаттыкка» сүйлөп, Кыргызстандагы эң узун бойлуу киши Жеңишбек Райымбаев азыр ооруп жатканын, колдоого муктаж экенин уккандан кийин ага акча чогултуу акциясын Vkontakte социалдык түйүнүндөгү "Керемет жерим - Кыргызстан" тобунда баштаганын айтты.
- Биз Жеңишбек Райымбаевдин дары-дармеги, тамак-ашы, иши кылып, жашоосуна керектүү нерселер үчүн бир аз болсо да салым болсун деп ушул ишти баштадык. Азырынча 19 миң сом чогулду. 21-март Нооруз майрамында Бишкектеги борбордук аянтта акчаны анын колуна беребиз. Акцияга Орусиянын Красноярск шаарынан тээ Ырааккы Чыгышка чейинки жерлериндеги катардагы кыргызстандык студент, мигранттар катышты. Кыргызстандан да акча кошкондор болду, - дейт Абдылдаев.
Уюштуруучулар бул мисалы менен өлкөдөгү жардамга муктаж адамдарга кайдыгер болбоого үндөй турганын айтууда.