Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Бишкекте жашыруун тыңшоо маселеси талкууланат


“Интернет саясатындагы жарандык демилге” коомдук фонду уюштурган тегерек стол талкуу Бишкектеги Коомдук саясат институтунда 20-мартта өткөрүлөт. Ага депутаттар, УКМК, Башкы прокуратура жана Мамлекеттик байланыш агенттиги менен жарандык коом өкүлдөрү катышат. Коомдук фонддун маалымдоосуна караганда, Улуттук коопсуздук кызматы террорчулукка каршы күрөшүү жана улуттук коопсуздукту сактоо үчүн оперативдик-издөө иш-чараларын камсыздоо боюнча мыйзамды тез арада кабыл алууну талап кылууда. Транспорт жана коммуникация министрлиги уюлдук жана интернет компанияларга бардык электрондук байланыштарга УКМКнын эркин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылууда. Булардын баары жарандардын укуктарын бузуу коркунучу менен жарандык коомду тынчсыздандырып жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG