Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Жарандык коом өкүлдөрү өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгат


Экономист Азамат Акелеевдин билдирүүсүнө караганда, алар “Манас” аба майданынын 51% акциясын орус тарапка сатуу боюнча меморандумга каршылыгын билдирет:

- Булар 51% акцияны сатабыз деп меморандумга кол коюп коюптур. Бул ижара эмес, бул сатуу болуп жатат. Сатса кандай болот? Булар сатып алып эчтеке кылбай койсо, биздикилер эмне кылат? Бул негизи эле туура эмес кадам.

Кыргыз өкмөтү “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасына сатуу боюнча меморандумга феврал айында кол койгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG