Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Президент фракция лидерлери менен жолугат


КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүнө караганда, бүгүн мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги фракция лидерлери менен жолугат. Анда жаңы коалиция куроо боюнча кеңеш болот. Бейшемби күнү президент менен жолугушууда кайсы бир фракцияга коалиция куроо мандаты берилиш мүмкүндүгүн Чыныбай Турсунбеков четке каккан жок. Шейшемби күнү “Ата Мекен” фракциясы “Ырыс алды - ынтымак” коалициясынан чыгып, коалиция ыдырады. Өкмөт кызматтан кетти. (AiT)

XS
SM
MD
LG