Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Бишкекте “Манас” аба майданына байланыштуу митинг өтүүдө


Өкмөт үйүнүн жанында болуп жаткан нааразылык акциясына жарандык коомдун ондой өкүлү катышууда. Алар “Манас” аба майданынын 51% акциясын орус тарапка сатуу боюнча меморандумга каршылыгын билдирүүдө.

Акция катышуучулары меморандумга кол коюу менен өкмөт стратегиялык ишканаларды сатууга тыюу салган мыйзамды бузгандыгын айтып жатышат. Жарандык активисттер муну териштирүүнү суранып Башкы прокуратурага кайрылмакчы.

Митингге чыккандар акцияны сатуу меморандумуна биринчи вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев кол койгондуктан бул үчүн жооп бериши керектигин белгилешти.

Кыргыз өкмөтү “Манас” аба майданынын 51% акциясын Орусиянын “Роснефть” компаниясына таандык “Новапорт” ишканасына сатуу боюнча меморандумга феврал айында кол койгон. (SE\ZB)

XS
SM
MD
LG