Москва бийлиги 22-мартта Нооруз майрамын уюштурганы жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Майрам шаардын эң чоң стадиону деп эсептелген "Лужникиде" өткөнү жатат. Анда атайын концерттик программа тартууланат.
Ал эми элчилик Ноорузду бүгүн белгилей баштады. Кечке сүмөлөк бышырылып, эртең элчиликке келген конокторго даам тартууланат. Ошондой эле бүгүн кечинде элчиликтин демилгеси менен шаардагы кафелердин биринде майрамдык жолугушуу уюуштурулат Ага Москвада жашаган кыргызстандыктар катыша алат. (RK)