Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Коалиция түзүү укугу КСДПга берилди


Парламентте башкаруучу коалиция түзүү укугу социал-демократтарга берилди. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги фракциялардын башчыларын чогултуп жыйын өткөрдү. Ал КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго мандат тапшырып, коалиция куроону сунуштады. Премьер-министрлик кызматка талапкерди көрсөтүү, өкмөттүн программасы, структурасы жана курамы Жогорку Кеңеште бекитилишин 11-апрелден кечиктирбөө керектигин айтты.

Ошону менен катар Алмазбек Атамбаев буга чейин болуп келгендей фракциялар ортосунда административдик мекеме-уюмдардагы кызматтарды бөлүштүрүү тажрыйбасынан баш тартып, коалициялык келишимге өкмөттүн гана курамын жазуу керектигин билдирди.(RK)

XS
SM
MD
LG