Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:13

Аба ырайы: Кар көчкү коркунучу сакталууда


Күндүн жылышы жана жаан-чачынга байланыштуу 25-мартка чейин Кыргызстандын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдорго муз тоңот. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын эскертет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ойдуң жерлерин суу капташы мүмкүн.

21-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,
Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 7...12,
Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8...13,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 10...15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10,
Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 5...10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11...-16, күндүз -1...-6 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 10…12 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG