Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

"Ата-Журт" коалиция боюнча турумун дүйшөмбүдө билдирет


Парламенттеги "Ата-Журт" фракциясы жаңы коалиция боюнча өзүнүн расмий позициясын келерки дүйшөмбү, 24-мартта билдирет. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин фракциялардын башчылары менен жолугуусунан кийин "Ата-Журттун" жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев айтты.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештеги беш фракциянын башчыларын кабыл алып, жаңы коалиция түзүү боюнча мандатты КСДП лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырды. 2012-жылдын күзүндө түзүлгөн коалициянын курамына "Ата Мекен", КСДП жана "Ар-Намыс" кирген болчу. "Атамекенчилердин" андан чыгуусуна байланыштуу коалиция 18-мартта тараган. (RK)

XS
SM
MD
LG