Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:45

БУУ Коопсуздук Кеңешинде Орусия жана Украина элчилери “чабышты”


БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 19-марттагы жыйынында Орусиянын Крымды аннексиялап алуусу талкууланды. Украин элчиси Юрий Сергеев Крымды басып алууну “мыйзамсыз” жана Украинанын “бүтүндүгүнө кол салуу” деп мүнөздөдү:

- Крым республикасынын өзүн төбөлсүз деп жарыялоосу Орусия Федерациясы тарабынан күч колдонуунун жана Украинаны коркутуусунун түздөн түз натыйжасы.

Орусия элчиси Виталий Чуркин Крым эли референдумда Орусияга кошулуу үчүн эркин добуш бергенин, 1954-жылы “мурдакы Совет лидери Никита Хрущёвдин бир кол тамгасы менен жасалган адилетсиздик” калыбына келтирилгенин айтты.

АКШ элчиси Саманта Пауэр Орусияны “дүйнөлүк пикирге жана Украинанын мыйзамдуу укугун” таназарга албады деп сындады. Франциянын БУУдагы элчиси Жерер Аро болсо:"Өткөн ишемби күнү эл аралык коомчулук Коопсуздук Кеңеши аркылуу Орусияга бир ооздон: Крымда өткөрүлгөн референдум мыйзамсыз, эл аралык мыйзам алдында эч нерсеге татыбайт. Орусиянын ветосу эч нерсени өзгөртө албайт. Тескери натыйжа берет”, - деди.

XS
SM
MD
LG