Жалалабад шаарындагы полицияканага жасалган бомба чабуулунда өлгөндөрдүн арасында ошондой эле райондук полициянын акими, карапайым жаран жана жети согушкер бар. Чабуулда полициянын 14 кызматкери жарадар болду.
- Машинеге коюлган бомба полициякананын дарбазасы алдында жарылды. Жардыруунун артынан эле жанкечтилер полициякананын территориясына киргенге аракет кылышты. Ооган полициясы алардын жолун бууп, жети бомбачанды урушта жок кылды. Тилекке каршы, он полицай курман болду, - деп билдирди Нангархар провинциалдык полициясынын акими Фазыл Ахмед Ширзад.
Таң эртең мененки уруш төрт саатка созулганын Ооганстандын ички иштер министринин найыбы, генерал Мухаммед Аюб Соланги билдирди. Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид чабуулду алар уюштурганын маалымат булактарына тастыктады. Талиптер 5-апрелде болчу президенттик шайлоону колдобосун билдирген.