Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Евробиримдик Крымдын аннексиясына жооп бергенге камданууда


Бүгүн 20-мартта Брюсселде ачылчу эки күндүк саммитте Евробиримдиктин лидерлери Орусиянын Крымды аннексиялап алуусуна каршы кабыл алынчу чараларды макулдашат. 28 мамлекеттин лидерлери июнга мерчемделген Биримдик - Орусия саммитинен баш тартат жана Орусияга каршы кошумча дагы санкция жарыялайт деп боолгонууда.

Евробиримдик 17-мартта крымдык сегиз жана орусиялык 13 мартабасы пас саясатчылар менен аскерий адамдардын Биримдикке каттоосуна тыюу салып, банк эсептерин жана мүлкүн убактылуу камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, Брюсселде Украинадагы жагдай курчуп кетсе гана Евробиримдик экономикалык санкцияга барып, Орусияга курал сатууга эмбарго киргизет деген сөз болууда. Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк 21-мартта Брюсселде Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимдин саясый бөлүгүнө кол коюуга тийиш.

XS
SM
MD
LG