Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Ошто УКМК "Кыргыз Ата" партиясынын лидерин суракка алды


Ошто «Кыргыз Ата» партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев бүгүн УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү кабарлады. Келдибаевдин айтымында, УКМКнын кызматкерлери анын үстүнөн арыз түшкөнүн билдирип суракка алып барган. Арызда “15-январдагы Мелис Мырзакматовду колдоо митингинде президенттин сүрөтүн өрттөгөн Абдылда Капаровдун сотуна Келдибаев кысым көрсөткөнү жатат” деп жазылган. Келдибаев 5 саат сурак берип, түшүнүк кат жазып чыкканын айтты. Бирок Келдибаев белгисиз аялдын бул арызы негизсиз экенин билдирип, 24-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында митинг өткөргөнү жатканын кошумчалады.

Бул боюнча УКМК азырынча маалымат бере элек.

Президент Атамбаевдин сүрөтүн өрттөө боюнча айыпталып жаткан Абдылда Капаров “Кыргыз Ата” партиясынын Ош шаары боюнча төрагасы. (YI/RK)

XS
SM
MD
LG