Австралиянын премьер-министри Тони Эбботтун билдиришинче, сателлиттен тартылган сүрөттө табылган эки объект 8-мартта жоголгон малайзиялык авиалайнердин сыныгы болушу ыктымал.
- Жаңы табылган ишенимдүү маалымат авиалайнерди Инди океанынын түштүгүндө издегенге өбөлгө болот, - деди Эбботт 20-мартта Австралия парламентинде сүйлөп.
Австралиялык ырасмий адамдардын сөзүнө караганда, узундугу 24 метрлик эки зат Перт шаарынан 2 500 чакырым алыста авиалайнер багыт алып бараткан аймакта табылган.
Малайзиялык “Боинг-777ни” издөөгө 10дон ашык өлкөнүн 40 кемеси жана 34 учагы катышууда. Алар буга чейин учакты Азиянын түштүгү жана Борбор Азия багытында издеп жатышкан. Куала-Лумпурдан Бээжинге учуп бараткан учактын ичинде 239 адам бар эле. Алардын 150дөн көбү Кытай жарандары.