Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Меркел Орусияга экономикалык санкция качан киргизерин айтты


Бүгүн Брюсселде ачылчу эки күндүк саммитте Евробиримдиктин лидерлери Орусиянын Крымды аннексиялап алуусуна каршы кабыл алынчу чараларды макулдашат. 28 мамлекеттин лидерлери июнга мерчемделген Биримдик - Орусия саммитинен баш тартат жана Орусияга каршы кошумча дагы санкция жарыялайт деп боолгонууда.

Германия канцлери Ангела Меркел бүгүн немис парламентинде сүйлөп:

- Евробиримдиктин бүгүн башталчу саммитинде Биримдиктин өкмөт башчылары эки жума мурда жарыяланган санкцияларга кошумча чаралардын экинчи тобун талдап көрүшөт. Визалык чектөө жана банк эсептерин камакка алуу кеңейтилет. Евробиримдик - Орусия, ошондой эле “Чоң жети” - Орусия ортосундагы саясый байланышка тийчү кесепеттер аныкталат,”- деди.

Меркел айым Украинадагы жагдай начарлай турган болсо Орусияга каршы сөзсүз экономикалык санкция колдонулат деп кошумчалады.

Евробиримдик 17-мартта крымдык сегиз жана орусиялык 13 мартабасы пас саясатчылар менен аскерий адамдардын Биримдикке каттоосуна тыюу салып, банк эсептерин жана мүлкүн убактылуу камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

“Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, Брюсселде Украинадагы жагдай курчуп кетсе гана Евробиримдик экономикалык санкцияга барып, Орусияга курал сатууга эмбарго киргизет деген сөз болууда.

XS
SM
MD
LG