Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Пан Ги Мун Украинадагы кырдаалдын ачкычын Москвада издөөдө


Орусиянын Мамдумасы Крымды Орусия Федерациясынын бир бөлүгү деп таануу боюнча атайын сессияга чогулду. Крым автономиялык республикасын аннексиялоону АКШ жана башка Батыш мамлекеттери мыйзамсыз деп атаган.

Москвага учуп келген БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Крымды Москванын өзүнө кошуп алуусунан улам курчуп кеткен эл аралык чыңалууну жумшартуу максатында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешти. Пан Ги Мун бүгүн 20-мартта президент Путин менен жолуккан соң Киевге учуп кетет.

Орусия апта ортосунда Крымдын калкын Орус букаралыгына өттү деп, аларга өз паспортун бере баштаган. Украин өкмөтү Крымдан аскерлерин чыгарып кетерин жарыя кылды. Анын алдында орусиячыл күчтөр Украинанын Крымдагы эки базасына, анын ичинде Деңиз күчтөрүнүн Севастополдогу башкеңсесине кол салган болчу.

XS
SM
MD
LG