Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

“Ата-Журт” партиясы Крым маселесинде Орусияны колдойт


“Ата-Журт” партиясы Крымдын Орусияга кошулушун колдойт жана Москванын кадамын туура деп эсептейт. Бул тууралуу партия бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. "Атажуртчулар" кыргыз бийлиги Орусиянын чечимин колдобой жатканын жаңылыштык деп эсептейт.

Андан сырткары, билдирүүдө “Бүгүнкү күндө Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин бир гана өз өлкөсүнүн эмес, шериктеш, достук мамиледеги башка өлкөлөрдү да азыр Крымга көрсөтүп жаткандай камкордукка алып келе жатканын белгилеп кетүү абзел” деп жазылган.

11-январда Тышкы иштер министрлиги Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин аракеттери туура эмес деген билдирүү тараткан. Крымдын Орусияга кошулушу боюнча расмий Бишкек азырынча позициясын билдире элек. (SE)

XS
SM
MD
LG