Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

КТРК Байкоочу кеңеши Оторбаевдин отчетун жактырды


Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңеши бүгүн мекеменин жетекчиси Кубат Оторбаевдин 2013-жыл боюнча отчетун жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” КТРКнын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

КТРК жетекчиси өткөн жыл аралыгында ар бир редакцияда жүргүзүлгөн каржылык жана чыгармачылык иштер жөнүндө маалымат берди. Байкоочу кеңештеги 15 мүчөнүн тогузу Оторбаевдин жана мекеменин өткөн жылы аткарган иштерин канааттандырарлык деп тапты.

2013-жылы КТРК ишке ашырган ири долбоорлордун катарында “Достук” радиоканалы жана “Баластан” телеканалдарынын ачылышы бар. Август айында Орто Азия мамлекеттеринин медиа өкүлдөрү катышкан чоң форум да уюштурган. (SE)

XS
SM
MD
LG