Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Мамдума Крымды Орусияга кошкон келишимди бекитти


Орусиянын Мамдумасы Крымды Орусия Федерациясынын бир бөлүгү деп таануу боюнча келишимди ратификациялады. Келишимди 21-мартта Орусиянын Федералдык Кеңеши бекитүүгө тийиш. Крым автономиялык республикасын аннексиялоону АКШ жана башка Батыш мамлекеттери мыйзамсыз деп атаган.

Парламенттеги добуш берүү алдында тышкы иштер министри Сергей Лавров “Орусиянын жана Крым элинин биригүүсү алардын жыргалчылыгына жана өнүп-өсүшүнө өбөлгө түзөт” деди. Ал ошондой эле Евробиримдик жана АКШ киргизген санкцияларды “мыйзамсыз” деп атады.

Украинанын Улуттар уюмунун Женевадагы кеңсесиндеги өкүлү Юрий Клименко Орусия Украинанын чыгышына жана түштүгүнө аскер киргизип, басып алуу ниетин көрсөткөн аракеттер арбын байкалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG