Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

Крымды аннексиялоо Пан Ги Мунду кыжаалат кылууда


БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Украинанын курамындагы Крым жарым аралын Орусиянын басып алуусу пайда кылган кризиске “терең тынчсызданганын” айтты. Ал бул жөнүндө Москвада президент Путин менен кездешүүдө билдирди. Пан Ги Мун кризисти жөндөөнүн саясый жолун табуу үчүн Орусияны жана Украинаны түз сүйлөшүүнү баштоого чакырды.

БУУнун башкатчысы 21-мартта Киевде Украинанын жетекчилиги менен жолугат. БУУ адам укукугун бузуулар жөнүндөгү фактыларды текшерүү үчүн 34 адамдан турган байкоочулар миссиясын 21-марттан кечиктирбей Украинанын чыгышына жайгаштырмак болууда.

Батыш мамлекеттери Орусия Крымды мыйзамсыз басып алды деп эсептейт. Украинанын айтымында, Киев Крымды өзүнүн ажырагыс бөлүгү деп санайт. Москва эл аралык мыйзамдарга ылайык аракеттенгенин айтууда.

XS
SM
MD
LG