Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

АКШ Орусияга жаңы санкция жарыялады


Москванын Крым жарым аралын өзүнө кошуп алганына жооп кылып, АКШ Орусияга каршы санкцияны дагы кеңейтти. Президент Барак Обаманын айтышынча, жаңы санкция Орусия өкмөтүндөгү таасирлүү чиновниктерге жана Кремлди материалдык жактан колдогон банктарды камтыйт. Ал зарылдык болсо колдонулчу “Орусия экономикасынын маанилүү тармактарына” санкция киргизчү токтомго кол койгонун да кошумчалады. АКШнын Финансы министрлиги санкцияга 20 ырасмий адам жана “Россия” банкы кабылганын, алардын арасында Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Иванов, Мамдуманын спикери Сергей Нарышкин, Мамдуманын мүчөсү, “Адилеттүү Орусия” партиясынын лидери Сергей Миронов, Мамдуманын төрага орун басары Сергей Железняк, ишкерлер Геннадий Тимченко, Аркадий жана Борис Ротенбергдер бар экенин билдирди.

17-мартта АКШ жана Евробиримдик Крымды Украинадан тартып алууга байланыштуу орусиялык жана украиналык 30 ырасмий адамга, ошондой эле саясатчылардын, анын ичинде Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичке санкция жарыялаган.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Москва ар бир душмандык кадамга теңкатар жооп берилерин билдирди. Ошондой эле америкалык тогуз ырасмий адамга жана конгрессменге, алардын ичинде Өкүлдөр палатасынын төрагасы Жон Бэйнер, Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид, сенатор Жон МакКейн, президент Обаманын жардамчысы Дэниэл Пфайффер мындан ары Орусияга киргизилбесин жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG