Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Кабулда мейманканага кол салган талиптер өлтүрүлдү


Ооган полициясынын маалымдоосуна караганда, талиптердин төрт жоочусу Кабулдагы абдан бекем кайтарылган мейманканага бейшемби күнү кечинде кол салып, анда үч адам жарадар болду. Алардын экөө мейманкананын кароолчусу, бирөө кызматкер экени кабарланды. Кол салгандардын төртөө тең өлтүрүлгөн. Мыкты деп эсептелинген Серена Отелинин меймандары жабыркаганы боюнча маалымат жок. Ушул эле күнү эртең менен Ооганстандын чыгышында террордук чабуул жасалып, анда 18 киши каза тапкан. Алардын ону полиция кызматкери, бир жаран жана жетөө кол салгандар. Талиптер 5-апрелге белгиленген президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу үчүн чабуул күчөтөөрүн убада кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG