Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

АКШ жана Орусия бири-бирине санкцияларды жарыялашты


Крымды Орусия өзүнө кошуп алуусуна байланыштуу кырдаал кескин курчуп, Кошмо Штаттар менен Орусия бири-бирине санкция киргизе башташты. Президент Барак Обама бейшемби күнү орус президентинин администрация башчысы Сергей Иванов баш болгон 20 кишиге жана “Россия” банкына санкция киргизилгенин, Орусиянын экономикасындагы тармактарга санкция киргизүүгө даярдык көрүлгөнүн маалымдады. Өз кезегинде орус тарап Кошмо Штаттардын алты конгрессменине жана президенттин үч жардамчысына Орусияга кирүүгө тыюу салды. Франциянын президенти Франсуа Олланд Европа Биримдиги Орусия менен июнга белгиленген саммити четке какканын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG