Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Кыргызстандыктар Ноорузду майрамдап жатат


Нооруз майрамы бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында кеңири белгиленүүдө. Облус жана район борборлорунда театрлашкан оюн-зоок тартууланып жатат. Андан сырткары, эс алуу бактарында, калктуу конуштарда элдик сейилдөөлөр уюштурулган.

Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында республикалык масштабдагы майрам саат 10:00дө башталат. Саат 19:00дөн 21:00гө чейин аянтта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт тартууланып, майрамдык кече фейерверк менен жыйынтыкталат.

Бишкек мэриясы майрамды белгилөө үчүн 1 миллион 300 миң сомдой акча бөлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын басма сөз катчысы Чынара Усупбаева билдирди.

Каражаттын 800 миңи майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө, 499 миң сому жасалгалоо иштерине жумшалды. (SE)

XS
SM
MD
LG